Бишкек: Жол кирени карта менен төлөгөндөр 20 эсе көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуска жол кирени “Тулпар” картасы менен төлөгөндөр дээрлик 2,5 айда 20 эсе көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн 3-ноябрда “Азаттык” радиосуна вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди:

“Накталай төлөмдү токтотуу талабы 20-августта коюла баштаган. 19-августта жол кирени “Тулпар” менен төлөгөндөрдөн 10 миң сом түшкөн. Кечээ 2-ноябрда 205 миң сом болду. Электрондук төлөмгө өткөндөр, ошентип, 20 эсе көбөйдү”.

Мэрия 1-ноябрдан тартып карта менен 11 сом, ал эми накталай төлөсө 25 сом болот деп жарыялаган. Бирок бул пилоттук долбоору толук иштей элек.

Сазыкулов долбоор бара-бара ишке ашарын, 1-ноябрга чейин “Тулпар” менен төлөгөндөрдөн күнүнө 120-130 миң сомдон түшүп келсе, андан кийинки эки күндө 189 жана 205 миң сом түшкөнүн билдирди.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири. Быйыл муниципалдык автобус көбөйтүлүп, чоң жолдордо атайын тилке ачылды.

Буга чейинки мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып «Бара-бара тартип болот. Автобус менен 15 мүнөттө жете турган жерге жеке машина менен жетүү 30 мүнөттү ала тургандай система түзөбүз. Эл туура түшүнүп, көнүп кетет деп үмүттөнөм» деп айткан.(RK)