Маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев кызматтан алынды

Кайрат Иманалиев.

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Өкмөттүн маалыматында ал "башка ишке өткөнү" айтылган.

Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Иманалиев бул кызматка быйыл март айында дайындалган.

Ага чейин 9-мартта президент Садыр Жапаров Кайрат Иманалиевди Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) башкы директору кызматынан "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген себеп менен кызматтан алган. Иманалиев УТРКнын жетекчиси болуп 2022-жылы июнда келген.

Кайрат Иманалиев 2019-жылы ушул эле министрдин орун басары, 2021-жылы министр кызматын аркалаган.

Дагы караңыз

Блогер Аяз Шабутдинов ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып жатат Бала бакчада тамакты өкмөт эсебинен берүү мыйзам долбоору даярдалды Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге келди