Жапония: Борбор Азия - "Чоң жетинин" маанилүү өнөктөшү

Токиодогу "Чоң жетинин" саммитине катышкан тышкы иштер министрлери. 8-ноябрь, 2023-жыл.

8-ноябрда Жапониянын тышкы иштер министри Ёко Камикава Токиодо өтүп жаткан "Чоң жетинин" башкы дипломаттарынын жыйынында Борбор Азиянын өлкөлөрүн "мыйзам үстөмдүгүнө негизделген эркин, ачык эл аралык тартипти сактоо жана бекемдөө жагынан" Чоң жетинин "маанилүү өнөктөшү" деп атады.

Камикава бул тууралуу эл аралык бирикменин жыйынына Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер мекемелеринин өкүлдөрү биринчи жолу түз (офлайн) катышканда айтты. Кыргызстандан бул жыйынга тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов катышканын өлкөнүн тышкы иштер мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Жапониянын башкы дипломаты белгилегендей, Токиодо чөлкөмдүн өлкөлөрү менен алака-катышын чыңдоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар. Бул максатта 2024-жылы "Борбор Азия + Жапония" диалог саммити өткөрүлөт.

"Чоң жети" - АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция жана Жапония кирген эл аралык бирикме.

17-20-ноябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жапонияга сапар менен барат. Маалыматка караганда, Жапаров премьер-министр Фумио Кисидо жана император Нарухито менен жолугушат.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык алакасынын негизделгенине 30 жыл толду. Бул мезгил аралыгында Күн чыгыш өлкөсү кыргыз элине экономикалык, технологиялык жана маданий, билим берүү жагынан барандуу жардам берди.

Дагы караңыз

Газа шаарында төрт сааттык гуманитардык тыныгуу жарыяландыАбактагы Мадумаровдун каты. Ак үйдөгү Байсаловдун жообуМахачкаладагы тополоңдун Борбор Азияга сабагы Орусияга жөнөтүлгөн кооптуу жүк. Маңзат катылган дарбыз