Жети-Өгүздөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы берилди

Ак-Шыйрак өрөөнү.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы № 354 аты жок мөңгүгө Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымы берилди. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 10-ноябрда кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 5-октябрында кабыл алган.

Парламенттин тармактык комитетинде мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев май айында жогорудагы адамдын ким экенин жана Кыргызстанга жасаган салымын айтып берген:

“Шейх Заед бин Султан - Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти. 30 жылдык башкаруусунда биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын эгемендигин тааныган. 2022-жылы декабрь айында эки өлкө ортосунда миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлган”, - деген ал.

2011-жылы Чүй облусунун Москва районундагы тоо кыркаларындагы мөңгүгө Орусиянын президенти Владимир Путиндин аты берилгени коомчулукта талкуу жараткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Парижде 40тай мамлекеттин лидерлеринин катышуусунда “Бир планета” форуму өтүп жататКазакстанда мурдагы министр аялынын өлүмүнө шектелип кармалдыЭмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп бардыОш шаарында экстремизм-терроризмге шектелип 11 киши кармалды