Түркиянын Коргоо министрлиги 24-декабрда Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү күрт кошуундар менен болгон кагылышта 12 түрк аскери набыт болгонун билдирди.
Министрликтин X социалдык баракчасындагы билдирүүсүндө, түрк аскердик учактары Түркияда террордук уюм деп эсептелген Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) жана Сириядагы Элдик коргонуу кошуунунун (YPG) позицияларына сокку урганы, ондон ашык согушкер жок кылынганы айтылат.
Pençe-Kilit Harekât bölgesinde kahraman silah arkadaşlarımızı şehit eden teröristlere yönelik operasyonlarımız etkili şekilde sürüyor. Mehmetçiklerimizin bölgede etkisiz hâle getirdiği terörist sayısı 16’ya yükseldi. Şehitlerimizin kanını yerde bırakmadık, bırakmayacağız!… pic.twitter.com/HOIiuHEKLY
— T.C. Millî Savunma Bakanlığı (@tcsavunma) December 23, 2023
Президент Режеп Тайып Эрдоган X баракчасында каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтып, террорчулар максатына жетпей турганын, түрк бийлиги аларга каршы күрөштү улантарын белгиледи.
Irak’ın kuzeyinde bölücü hainler tarafından gerçekleştirilen saldırılarda şehit olan kahraman askerlerimize Allah’tan rahmet; ailelerine, yakınlarına ve milletimize başsağlığı diliyorum.Şehitlerimizin ruhu şâd, mekanları cennet, makamları âli olsun.…
— Recep Tayyip Erdoğan (@RTErdogan) December 23, 2023
Күрддөрдүн Rudaw маалымат агенттиги Ирактын түндүгүндө айылдар жана электр станциясы бутага алынганын жазды.
Түркия күрддөрдүн жикчил топторуна каршы аскердик операциянын бир бөлүгү катары коңшу Иракка абадан сокку уруп келет. Айрыкча баш калаа Анкарада ИИМдин имаратынын алдында быйыл 1-октябрда эртең менен жанкечти өзүн жардырып жибергенден кийин аймактагы операциялар күчөгөн.
Түрк бийлиги "Чеңгел-Кылыч" деп аталган бул аскердик операциясын Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын 51-беренесинин негизинде өзүн-өзү коргоо максатында өткөрүп жатканын билдирди.
Түрк армиясы күрддөрдүн жикчил топторуна каршы дээрлик 35 жылга созулган кармашта аталган топтун Ирактын түндүгүндөгү базаларын бутага алып келет.