Батыш жээк: Израил армиясынын рейдинде алты палестин набыт болгону кабарланды

Израил армиясынын Батыш жээктеги Тулкарм шаарындагы Нур-Шамс качкындар лагериндеги атайын операциясы уланууда, 4-январь, 2024-жыл.

Израил армиясынын учактары оккупацияланган Батыш жээктеги палестин согушкерлерине сокку урганын жөөт аскерлери билдирди. Палестин автономиясынын саламаттык сактоо мекемеси алты палестин набыт болгону тууралуу маалыматты 7-январда таратты.

Израил армиясы Женин шаарында палестин согушкерлери аскердик учакты аткылап, жоокерлерге кол салганын, чек ара полициясынын офицери каза тапканын маалымдады.

Палестин автономиясынын министрлиги сокку чогулган бейкүнөө кишилерге багытталганын билдирсе, күбөлөр кандуу окуя жөөт аскерлери чыгып кетип бараткан маалда болгонун айтышты. Набыт болгондордун төртөө бир туугандар экенин маркумдардын жакындарды билдирди.

Азырынча окуя тууралуу израил армиясы толук маалымат бере элек.

Соңку 18 айда бери эле Батыш жээкте кырдаал чыңалып турган. 7-октябрда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушкерлери жөөт конуштарына кол салгандан кийин абал курчуп, Израил Газа тилкесин толук курчоого алып, хамасчыларга каршы согуш ачкан.

Израил армиясынын соккусу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен аймакта жүргөн маалда болду. Кошмо Штаттардын башкы дипломаты Израилдин ХАМАС радикал тобуна каршы согушу башталгандан кийинки аймактагы жалпы кырдаалды стабилдештирүүнүн жолдорун сүйлөшүү үчүн барган.

Блинкен бул жолку сапарын Түркиянын, Грекиянын лидерлери менен жолугуудан баштап, бир катар Араб өлкөлөрүнө, Израилге жана оккупацияланган Батыш жээкке да барары кабарланды.

Дагы караңыз

Абакта каза тапкан Арстан Алай акыркы сапарга узады Туу чыры: Аянтка кайра парламент кабыл алган туу илинди "Кытай өз кызыкчылыгын коргойт". Мамкарыз 6 млрд доллардан ашты Карл Маркстын көөнө орус тарыхы тууралуу СССРде которулбай келген эмгеги