Киев майданда абал "өтө оор" экенин билдирди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кайрадан жолукту. Алар Кулунду-Максат-Арка багытындагы талаштуу тилкелер боюнча макулдашууга жетишкени жарыяланды. Украинадагы согушка эки жылга аяк басты. Киев фронттогу абалды "өтө оор" деп бааласа, Москва Украинага жасаган соккуларын "ийгиликтүү" деп сыпаттады. Британиянын премьер-министри Риши Сунак Киевге барды. Жаза аткаруу кызматы өлкөдөгү жабык жайларда криминалдык идеологияга каршы иш-чаралар башталганын кабарлады.