Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Бишкек шаары. Архив сүрөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ош, Баткен облустарынын жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…-6

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз -2…-4° суук болот.

Дагы караңыз

Бишкекте тик учак кырсыгында каза болгон аскердин сөөгү жерге берилдиСалык кызматы "Берекет Универсалдан" контрафакт тамеки табылганын билдирдиУКМК Көлбаевдин автоунаасы атайын кызматка берилгенин четке кактыЖогорку сот кыйноого кабылган адам боюнча кылмыш ишин жандантуудан баш тартты