Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенине үч жыл болду. Бийлик бул аралыктагы жетишкендиктер катары экономикадагы өсүштү, социалдык мекемелердин курулушун, армиянын күчтөнгөнүн, чек аралардын такталып атканын белгилейт. Ошол эле маалда сөз эркиндигинин абалына, оппозициялык саясатчылардын, жарандык активисттердин, көз карандысыз журналисттердин камалганына кабатырлангандар да көп.