Украина жана Орусия бүгүн 31-январда согуш туткундарын алмашты. Расмий Киев туткундагы 207 жаранын колуна алганын билдирди. Ал эми орус тарап 195 аскер кызматкерин кайтарып алганын, ошончо эле сандагы украин аскери мекенине өткөрүлүп берилгенин айтты.
Сандагы мындай айырмачылык, кабарчылардын айтымында, Орусия аскерлердин гана санын көрсөтүп жатканда болушу ыктымал.
«Туткундагы ар бириңер көңүлүбүздөсүңөр», — деп жазды украин президенти Владимир Зеленский Telegram социалдык түйүнүнө.
3-январда 248 орусиялык согуш туткуну 230 украиналыкка алмашылган.
Дагы караңыз
Пакистанда Имран Ханга жаңы айып тагылып, аялы экөө 14 жылга соттолдуӨкмөт “Керемет Банкты” 7 млрд сомго сатып алууну көздөп жататУкраина: Орусиянын дрон чабуулунан он киши жараат алдыКыргызстан соттолгон жарандарды өткөрүп берүү боюнча конвенцияга кошулду