Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

3-февралда, саат 14:30 чамасында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту силкинүүнүн күчү очогунда 5 баллды түзгөнүн маалымдады.

Жер титирөөнүн күчү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 3,5 балл, Ыштык айылында 3 баллды түздү. Баштапкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок.

23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында беш балл, Бишкекте төрт балл, Ташкентте үч балл болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

ЖЭБдеги кырсык: Жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат  Волгоградда мунай иштетүүчү ири завод өрттөндүЫсык-Көлдө бир айда кызамык жуктурган 37 адам катталдыИИМ кытай элчисинин унаасы катышкан жол кырсыгы иликтенип жатканын билдирдиУкраинадагы согушта өлгөн орусиялык аскерлердин саны 43 миңден ашты