Аба ырайы: Бишкек-Ош жолунда кар көчкү коркунучу бар

Бишкек-Ош жолундагы жүк ташуучу автоунуулар.

Кыргызгидромет борбору Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайында жана Ала-Белде кар көчкү коркунучу бар экенин, кар күрткүсү болорун, жолдорго муз тоңорун эскертти. Бул тууралуу 4-февралда маалымат берилди. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сактоо сунушталат.

5-февралда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт, батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,

Нарын дубанында түнкүсүн -16...-21, күндүз -6...-11,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+9,

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25...-30, күндүз -8...-13°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түнкүсүн -6…-8, күндүз 2…4°.

Дагы караңыз

Бишкекте жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынатТышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстанга баратКремлдин жанындагы митингди чагылдырган журналисттер кармалдыТүркия: миграция саясатын өзгөрткөн маанай жана кризис