9-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндуз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3°...+1°, күндүз 11…13° жылуу болот.
Дагы караңыз
"Сынган кылыч" көркөм тасмага сыябы?Алматыда жер көчкү төрт кишинин өмүрүн алдыПрезидент Жапаров прокуратура 16 млрд 923 млн сомду мамлекетке кайтарганын айтты Бишкекте бир типтеги аялдамалар курулатБлинкен Бишкекке кат жазды, Садыр Жапаров демократия тууралуу айтты