Орусия Украинанын аймактарын кайрадан дрондор менен аткылады

Орусия Ирандан алып, Украинадагы согушка колдонуп жаткан "Шахед" (Shahed 131) дрондору. Иллюстрациялык сүрөт.

Орус аскерлери 11-февралга караган түнү Украинанын аймактарын "Шахед" учкучсуз учактары менен кайрадан жапырт аткылады. Дрондор Киевдин айланасына, Украинанын түштүк жана борбордук облустарына коё берилди.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, орус тарап аткан 45 дрондун 40ын абадан коргонуу системасы атып түшүрдү. Киевде эки сааттай абадан айгай жаңырып турду. Шаардын администрациясы баш калааны көздөй учкан бардык учкучсуз учактар бутага жетпей жок кылынганын кабарлады.

Николаев облусунун бийлиги бир дрон өндүрүш объектисине тийип, өрттөнгөнүн билдирди. Жарылуудан жакын турган үйлөр да жабыр тартып, бир адам жаракат алды. Днепропетровск облусунда атып түшүрүлгөн дрондон улам өрт чыгып, бир адам жабыркады.

Орусия Украинанын аймактарын дрондор менен, кээде ага кошуп ракеталар менен дээрлик ар бир түнү аткылоодо. 10-февралга караган түнү жасалган чабуулдан Харьковдо 10 үй күйүп, 7 адам өлдү. Соңку чабуул да акыркы мезгилдеги эң ири жапырт соккулардын бири болуп калды.

БУУнун 2023-жылкы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан тарта бул өлкө аймагында 10 миңдей жайкын тургун каза болду. Өлгөндөрдүн так саны мындан көп болушу ыктымал. Орусиянын аймагына урулган соккулардан ондогон адамдар набыт болду. (ErN)

Дагы караңыз

Соттолгон кишиге ырайым берүүдөн улам Венгрия президенти кызматтан кеттиТИМ аба ырайына байланыштуу Казакстанга жолго чыкпай турууну сунуштадыКалмыкиянын борборундагы жарылуудан бир адам каза болдуЖапаров Түркиянын Trendyol маркетплейсине Кыргызстанда филиал ачууну сунуштадыБишкекте өспүрүмдөр иштеген объектилер текшерилдиАзия Кубогу: Катар чемпион болду