Иранда Ислам революциясынын 45 жылдыгы белгиленип жатат

Тегерандагы "Эркиндик" мунарасы Ирандын мамлекеттик туусунун түсүн чагылдырып турат, 10-февраль. 2024-жыл

11-февралда Иранда 1979-жылы ишке ашкан Ислам революциясынын 45 жылдыгын Жакынкы Чыгышта кырдаал чыңалып турган маалда белгилешти. Газа тилкесинде Израил менен ХАМАСтын (АКШ мнен Евробиримдикте террордук теп таанылган) төрт айдан ашуун согушу жалпы эле чөлкөмдөгү геосаясий кырдаалга таасирин тийгизип жатат.

Миңдеген ирандыктар желектер, үйлөнгөн шарлар, революциялык жана диний чакырыктар илинген көчөлөрдө жүрүш жасашты. Тегеранда «Америкага өлүм!» жана «Израилге өлүм!» деген жазууларды көтөрүп өтүштү. Чоң шаарларда күчөтүлгөн шартта коопсуздук чаралары көрүлдү.

Бир ай мурун Керман шаарында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун кандуу чабуулунда бери дегенде 95 киши набыт болгон.

1979-жылы Иранда дүйнөдөгү геосаясатты өзгөрткөн Ислам революциясы болгон. Монархияны кулаткан бул революция катаал ислам мыйзамдарына таянган мамлекеттик түзүлүштү түптөгөн.

Дагы караңыз

Борбор Азия "Орусиянын арткы короосу" деген аталыштан арылабы?Америкалык журналисттин Путин менен жагымпоз маанайдагы маеги«Сизге виза берилбейт». Эмне үчүн кыргызстандыктарга Европага виза алуу оор?