"Биз баскынчы эмеспиз". Талаштуу имараттын ондогон тургуну кайда барат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургундары дубалга "SOS" деген жазууну илип алып, "турак-жайда мыйзамсыз жашап жатат" деген шаар бийлигинин дооматтарына нааразылык билдирди. Шаар бийлиги Сүйөркулов көчөсүндөгү көп кабаттуу имарат соода борбору катары курулган деп, тургундардын чыгып кетишин талап кылган. Учурда анда 60тан ашык үй-бүлө батир сатып алып, жашап жатат.