Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында, үч автожолу убактылуу жабылганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Кочкор районундагы тилкеси, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку автоунаа жолдору жабылды.
Бул жолдордогу карды тазалоо иштери кар катуу жаап жаткандыгына байланыштуу аба ырайы турукташканга чейин токтотулду.
ӨКМ 18-февралга чейин аба ырайы кескин өзгөрүлүп, өлкөнүн аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы жана кар күрткүсү күтүлөрүн маалымдаган. Министрлик жарандарды зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай турууга чакырууда. (ZKo)
Дагы караңыз
Судья үч жолку эскертүүдөн кийин Мадумаровду сот залынан чыгардыОрус бийлиги оппозиционер Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун кабарлады Дүйнө лидерлери Навальный саясий режимге каршы күрөшкө өмүрүн бергенин белгилешти Сот “Ихсан” кооперативинин жетекчисин 12 жылга, кызматкерин 11 жылга эркинен ажыраттыМатраимовдун Оштогу мүлкү камакка алынды