“Абдыкерим Сыдыков мамлекеттүүлүктүн башатында” аттуу даректүү тасма Бишкекте көрөрмандарга тартууланды. Фильмдин бет ачары 21-февралда "Ала-Тоо" кинотеатрында өткөнүн "Эсимде" изилдөө аянтчасы кабарлады.
Фильмдин авторлору - Тилек Мураталиев, Айида Кубатова жана Зайнидин Курманов. Тасманы Аскар Салымбековдун фондунун каржылоосу менен "Кыргызфильм" тарткан.
Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдык уулу 1889-жылы Чүйдө төрөлгөн. 1904-1911-жылдары ошол кездеги Верный, азыркы Алматы шаарында гимназияда билим алган. Андан ары Казан шаарындагы университетте ветеринария факультетине тапшырып, саламаттыгына байланыштуу аны аяктай алган эмес. 1913-1916-жылдары Нарын жана Каракол уездеринде мектеп ачып, өзү мугалим болуп иштеген. Пишпек уезддик башкармалыгында катчы жана тилмеч болуп иштеген.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө жигердүү катышкан. Сын-дооматтардан улам үч жолу партиядан чыгарылып, кайра кабыл алынган. Бир канча жыл мамлекеттик кызматтарды аркалап, Сталиндик репрессия күчөгөн жылдары камакка алынып, 1938-жылы атууга өкүм кылынган.
Дагы караңыз
Путин Жапаровго "орус тилине көңүл буруп жатканы" үчүн рахмат айттыОшто жарык өчкөндүктөн театрда спектакль токтотулдуШибердеги жоголуп бара жаткан тилдерге орток кам көрүүТүркмөнстан трансулуттук репрессияларды эң көп жүргүзгөн беш өлкөнүн катарына кирди