Казакстандык компаниялар санкцияларды буйтап, Орусияга товар жеткиргени аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт

Иликтөөчү журналисттердин эл аралык тобу санкцияларды буйтап өтүп, Орусияга заманбап технология жеткирүү боюнча дагы бир схеманын бетин ачты.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP), «Бюро медиа» (Беларус) жана «Вёрстка» (Орусия) басылмасы Казакстандагы жана Беларустагы компаниялар «жалган транзитке» аралашканын аныкташты.

Иликтөөчүлөр белгилегендей, Орусиянын жакын өнөктөшү болгон бул эки өлкө Евразия экономикалык биримдигине киргендиктен, товарлар ээн-эркин жүгүртүлүп, бажы текшерүүсүнөн өтпөйт.

Санкциялар Кремль согуш өнөр жай тармагында колдонгон жабдыктарга салынган.

Маалыматка караганда, санкцияланган товарлар кээде Казакстан аймагына киргизилген эмес. Компания жарым өткөргүчтөр үчүн деп Европадан жогорку технологиялык жабдууларга заказ берип, аларды анан Беларуска «убактылуу сактоого» жеткиришчү. Ал жактан түз эле Орусияга жөнөтүлчү экен.

Журналисттердин колундагы бир катта казакстандык компания товарларды түз эле Орусияга кетирүү керектигин айткан.

OCCRP жана өнөктөштөрү Орусиянын бажы кызматынын маалыматына таянып, бул схеманын аркасы менен согуш өнөр жайы менен иштешкен орусиялык компаниялардын тобу "кара тизмеге" киргизилген 5,9 миллион долларлык жогорку технологиялык товарларды алганын аныкташты.

Бул Казакстандын жана Москванын башка өнөктөштөрү тарабынан санкцияларды буйтап өтүү жолдору ачыкка чыккан биринчи учур эмес.

Казакстандын бийлиги кош максаттагы товарлардын Орусияга реэкспорттолуп жатканын танып келет. Казак өкмөтү жана президент Токаев Астана Москвага санкцияарды кыйгап өтүүгө жардам бербегенин бир нече жолу билдиришкен.

Дагы караңыз

"Орусияга жакын аймактар ээн турат". Астананы ойго салган көйгөйЖапаровдун Казань сапары: орус тили жана кызыкчылыктарМатраимовдун эпкини: Эки депутат мандатын тапшырды "Чет элдик өкүл" мыйзамы экинчи окууда кабыл алынды