"Убукеев "Манаска" баа жеткис кызмат кылды"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таланттуу кинорежиссер, тарыхчы-этнограф Мелис Убукеев алгачкы кыргыз көркөм тасмасын жаратуу аркылуу кыргыз киносунун тарыхында калды.

Анын «кыргыз кереметтеринин» башатында турган «Тайгак кечүү» көркөм тасмасы, «Саякбай манасчы», «Манас ааламы» өңдүү документалдуу тасмалары кыргыз маданиятынын кенчине айланган. Бул тасмалардын таржымалы, кинорежиссердун таланты жана тагдыры тууралуу аны менен тыгыз иштешкен легендарлуу киномонтажер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ракия Шершенова маек курду.