Украинада Орусиянын чабуулунан үч жашар бала жабыркады

Россиянын Сумыдагы аткылоосунун кесепеттери, 7-март, 2023-жыл.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 8-мартка караган түнү орус аскерлери Украинага "Шахед" үлгүсүндөгү 37 дрон, эки X-59 башкарылуучу учак ракетасы жана бир С-300 зениттик ракетасы менен чабуул жасашты.

"Азаттыктын" украин кызматы өлкөнүн армиясы Кировоград, Одесса, Херсон, Николаев жана Харьков облустарында 33 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн жазды. Калган төрт учкучсуз учак жана үч ракета тууралуу маалымат жок.

Харьков облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов Чугуев шаарына кол салуу болгонун, кесепетинен жети адам, анын ичинде үч жашар кыз жарадар болгонун билдирди. Анын айтымында, 9 кабаттуу турак жайдын терезелери сынып, 13 унаа, соода борбору, банк, дүкөн жана мейманкананын фасаддары жабыркаган.

«Север» оперативдүү командачылыгы Орус аскерлери Чернигов, Сумы жана Харьков облустарынын чек ара аймактарын аткылоону улантып, бир сутканын ичинде куралдын ар кандай түрлөрүнөн 55 чабуулдан каза болгон жана жарадар болгондор бар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, Чернигов областында бир адам каза болгон. Жабыркагандардын так саны айтыла элек.

Облустук аскер администрациясынын башчысы Владимир Артюх орус аскерлери Сумы аймагын аткылоону күчөткөнүн бир күн мурун билдирген. Ал Орусиянын Сумыга жасаган соккусунан 10 адам курман болгонун кабарлаган.

Президент Владимир Зеленский буга чейин Сумыга жасалган ракеталык чабуулда өлгөндөр бардыгын билдирип, бирок так санын айткан эмес.

Украинанын түштүгүндөгү Коргоо күчтөрүнүн маалыматында, 8-мартка караган түнү Одесса облусунда инфрастүзүмдөр жабыркап, имараттар талкаланган.

2-мартта Одессага дрон чабуулу жасалып, ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет.(AiA)