Ооганстанда Пакистан тараптан урулган соккудан сегиз адам каза тапты

Пакистан-Ооганстан чек арасы. Архивдик сүрөт.

Ооганстанда Пакистан тараптан жасалган бомбалык чабуулдан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылганын, алардын үчөө балдар экенин бүгүн 18-мартта «Талибан» өкмөтү билдирди.

Пакистан аскердик учактары менен коңшу Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост жана Пактика провинцияларына бомбалык сокку урганы, үйлөр урап, беш аял жана үч бала каза болгону кабарланды.

Ооганстандын бул аймагында пакистандык талибдердин «Техрик-е Талибан Пакистан» тобунун жоочулары жайгашканы айтылып келет.

Эки өлкө ортосундагы мамиле 2021-жылы АКШ баштаган аскерлер Ооганстандан чыгып кетип, бийликке «Талибан» кыймылы отургандан бери чыңалган абалда турат.

Расмий Исламабад Ооганстан өкмөтүн башкарып турган «Талибанды» «Техрик-е Талибан Пакистан» тобун өз аймагында калкалоодо жана Пакистанга каршы чабуул жасашына мүмкүнчүлүк берүүдө деп айыптап келет.

Пакистан өкмөтү соңку чабуул боюнча комментарий бере элек, бирок айрым расмий адамдары 18-мартка караган түнү «Техрик-е Талибан Пакистан» тобунун командирлеринин бири, Ооганстанда баш калкалап жүргөн Абдулаа Шахтын үйүнө сокку урулганын айтышты.

16-мартта аталган топтун жоочулары Пакистандын Ооганстан менен чектеш тилкесиндеги Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түндүк Вазиристан аймагына чабуул коюп, пакистандык жети аскер кызматкерин өлтүргөнү маалымдалган. (RK)

Дагы караңыз

Самаркандда жаш баланы кордогон адамга кылмыш иши козголдуСот жазуучу Олжобай Шакирди камакта калтырды 18-март: Аскат Жетиген бошотулду, 24.kg сайтынын ээси алмашты, Газада аш-Шифа ооруканасына сокку урулду24.kg агенттигинде кожоюн алмашты. Бул эмне үчүн маанилүү?