"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруунун кезектеги этабы башталды

Кыргызстан менен Кытайдын темиржолчуларынын Жалал-Абаддагы жолугушуусу.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун кезектеги этабы башталды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы 19-мартта билдирди.

Жекшембиде Жалал-Абад шаарында "Кыргыз темир жолунун" башкы директору Азамат Сакиев менен "Кытай темир жолу" корпорациясынын директорунун орун басары Ванг Тунцзен жетектеген делегациялар жолугушту.

Алар "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун долбоору боюнча мурда иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге кошумча маалыматтарды жеринде такташты. Андан ары Бишкекте жана Нарын облусунда да жолугушуулар өткөрүлөт.

Марттын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Кашкар шаарына барып, Кытай менен Өзбекстандын жогорку бийлик өкүлдөрүнө жолугушуп келген.

Президент Садыр Жапаров декабрда өткөн Элдик курултайда темир жолдун курулушу 2024-жылы башталарын айткан. Андан мурдараак өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кытай Казарманга чейинки бөлүктү өз алдынча куруп жатканын, Кыргызстан Казармандан Жалал-Абадга чейинки жол үчүн Өзбекстан менен бирге каржы булактарын аныктап жатканын билдирген.

Өкмөт Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралы курулса, транзиттик алымдардан эле бюджетке миллиарддаган доллар киреше түшөрүн айтып келет.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу чындыгында ондогон жылдардан бери создугуп келет. 2022-жылдын сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун долбоору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлган.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматында, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт-Кош-Дөбө-Казарман-Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш. (SE)

Дагы караңыз

Президент Жапаров өлкөдө митингге түрткү берчү жагдай жок деп эсептейт 24.kg агенттигинин жаңы ээси аныкталдыКлиматтык каржылоо борборуна Адилет Амантаев жетекчи болдуЖапаров дааватка билимдүү адамдар чыгышы керектигин айтты