Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкекте мечитке жума намазын жана тарава намазын окуу үчүн келгендерди автоунаасын туура жерге токтотуп, башкаларга ыңгайсыздык жаратпоону өтүндү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда орозо айында жума намазга жана тарава намазына байланыштуу мечиттердин айланасында инспекторлор жол тыгындарды жөнгө салып жатат.
“Максатыбыз - орозо учурунда жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздап, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Иш-чарага элдик кошуундар жана ыктыярчыларды чакырганбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.
11-мартта Ислам дининдеги ыйык Рамазан айы башталды. 10-мартта баштап өлкө аймагындагы бардык мечиттерде кечинде тарава намазы окулуп жатат. Шаардагы айрым мечиттерге жакын көчөлөрдө жол тыгыны пайда болууда.
Рамазан айы 10-апрелде Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Айдын чыгышына карап, бир күнгө айырмаланышы мүмкүн. (TSh)
Дагы караңыз
УКМК 20 миң доллар пара талап кылган салыкчы кармалганын билдирди