“Крокус-Ситидеги” кол салууга байланыштуу Тажикстанда тогуз киши кармалды

Тажикстанда “Крокус-Ситидеги” кол салууга шектелип кармалгандарга жана “Вилаят Хорасан” экстремисттик тобуна байланышы бар делген тогуз киши кармалды. Бул тууралуу "Азия-Плюс" жана Reuters агенттиктери Тажикстандын коопсуздук кызматтарындагы өз булактарына таянып кабарлашты.

Алардын баары Вахдат шаарында кармалып, баш калаа Дүйшөмбүгө коопсуздук кызматынын өкүлдөрү алып келгени белгилүү болду. РИА Новости агенттиги кармоо операциясына Орусиядан барган коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү да катышканын жазды.

Буга чейин Тажикстандын тиешелүү органдары орусиялык тергөөчүлөр менен бирге Москвадагы куралдуу кол салууга шектелип кармалгандардын жакындарын суракка алып жатышканы кабарланган.

22-мартта Москвадагы концерттик залда болгон кандуу калабада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылды. Соңку маалыматтарга караганда, 382 адам жараат алды. Алар камуфляж кийген төрт кылмышкердин аткылоосунан, андан кийин башталган өрттөн каза болушкан. Айрымдары оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан бергени кабарланды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алды. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен төрт киши - Далержон Мирзоев, Саидакрам Ражабализода, Шамсидин Фаридун жана Мухаммадсобир Файзов “теракты ишке ашырууга” шектелип, эки айга камалды. Алардын баары сотко кыйноонун издери менен алып келинген. Төртөө тең Тажикстанда туулуп-өскөнү белгилүү болду.

Дагы караңыз "Тоокту да соё алчу эмес". Москвадагы кол салууга шектүүлөрдүн жакындары эмне дешет?

Андан тышкары сот кол салууга байланышы бар деген шек менен ага-ини Аминчон жана Диловар Исломовдорду, алардын атасы Исроилди камады. Андан тышкары теги кыргызстандык, Орусиянын жарына Алишер Касимов да кармалды.

“Вилаят Хорасан”-“Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы жана Пакистандагы канаты.