"Кылмышкердей кармап кетишти". Кочкор-Атада спецназдын аракети иликтенүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кочкор-Ата шаарында кылмышка шектүү адамды кармоо учурундагы окуя коомчулуктун талкуусун жаратты. Интернетке тараган видеодон укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бир адамды жерге жаткызып кармап жаткан кезде аларда өспүрүм бала чуркап келип, тээп жибергенин көрүүгө болот.

Жыйынтыгында укук коргоо органдары эки жаранды тең күч менен кармап кеткен. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кийин бала кое берилгенин, бул иш боюнча ички иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Баланын жакындары ал ооруканада жатканын айтып жатышат.