Аба ырайы: айрым жерлерде жамгыр жаайт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 12-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, облустарында жаан-чачын жаабайт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүн биринчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 17…19°.

Дагы караңыз

Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Таалайбек Ибраевге сөгүш берүү сунушталдыБишкекте жүк ташуучу жана атайын техниканын айдоочулары иш таштадыПарламент төрагасы балдарга кыргызча ысым коюуга чакырдыЧойбеков мандаты боюнча соттун чечимин акыйкатсыз деп атады