Бишкектеги Азия чемпионаты: Кыргызстан эки коло алды

Дүйнө чемпиондору Ахмед Тажудинов менен казак балбаны Ризабек Айтмухан 97 килограмм салмакта финалда беттешти.

19 жаштагы казак балбаны Ризабек Айтмухан былтыр 92 килограмм салмакта дүйнө чемпионатында алтын утуп, Казакстандын тарыхында эркин күрөштөн дүйнө чемпиону болгон биринчи балбан. Ал быйыл 97 килограмм салмакта күрөшуп жатат.

Тажудинов бул беттешке жараатына карабай чыккан. Сол колунан алган жарааты балбанга кыйла тоскоолдук кылганы менен ал казак балбаны Ризабекти 4:2 эсеби менен жеңди. Муну менен ал экинчи жолу Азия чемпиону болду.

Дагестанда төрөлгөн Тажудинов 2022-жылы Бахрейндин жарандыгын алып, ошондон бери бул өлкөнүн атынан мелдештерге катышып келет. Париж олимпиадасына жолдомо уткан. 

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков 65 килограмм салмакта килемге чыгып, алгачкы беттешинде ирандык балбан Рахман Амузадхалилге 4:2 эсебинде жеңилди.

Ирандык балбан финалга чыгып, Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Мында алгач кореялык Сонхо Юну 14:4 эсеби менен жеңип, коло үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде утту.

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен 600 спортчу катышууда.

Катышуучулар арасында Азиянын, олимпиада оюндарынын жана Дүйнө чемпиондору бар.

Алибек Осмонов да алгачкы беттеште жеңилгендиктен 70 килограмм салмакта көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Коло байге үчүн Осмонов тажикстандык Мустафо Ахмедов менен күч сынашты. Кармаш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбаны акыркы упайды алганы үчүн жеңишти илип кетти.

Эркин күрөштөн ирандык балбандар үч алтын утту. Дүйнө чемпиону Рахман Амузадхалил (солдон экинчи) 65 килограмм салмакта үчүнчү ирет Азия чемпиону аталса, Амирмохаммад Яздани (70 кг) менен Мохаммад Ноходи (79) биринчи ирет Азия чемпиону болушту.  

Бүгүн, 12-апрелде эркин күрөштөн дагы беш салмакта мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Канат Керимбеков (74 кг), Атай Изабеков (86 кг), Нуртилек Карыпбеков (92), Айаал Лазеров (125 кг) мелдешке чыгат.

Азия чемпионаты жыйынтыкталган соң 19-апрелден баштап ушул эле аренада Азия чөлкөмү боюнча Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензиялык мелдеш башталат. Бул Кыргызстанда өтө турган алгачкы лицензиялык мелдеш болмокчу. Мында жалпы 36 жолдомо ойнотулат.

70 килограмм салмактагы балбандарды сыйлоо аземи. Бул салмакта кыргыз балбаны Алибек Осмонов оңдон биринчи коло байге утту.