Тажик парламентинде Түркиядан аскердик техника сатып алуу келишими жактырылды

Түркияда жасалуучу Bayraktar TB2 дрону.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Түркиядан аскердик техника, анын ичинен учкучсуз учак сатып алууга мүмкүнчүлүк берүүчү келишимди жактырды. "Озоди" радиосунун 16-апрелдеги маалыматына караганда, документке тажик жана түрк өкмөттөрү 2023-жылы июль айында кол коюшкан. Тажикстандын парламентинде ал быйыл 11-апрелде талкууланды.

Өлкөнүн коргоо министри Шерали Мирзо парламентте маалымат берип жатып түрк өкмөтү Дүйшөмбүгө Түркиянын коргоо-өнөр жай комплексинен аскердик техника, анын ичинен учкучсуз учак сатып алуу үчүн 50 миллион түрк лирасын (1,5 миллион доллар) бөлөрүн айтты.

Келишимдеги негизги шарттардын бири катары Тажикстан түрк өкмөтүнүн каражатын бул өлкөнүн компанияларынан аскердик техника сатып алууга гана колдонуусу керектиги белгиленген. Документте ошондой эле Тажикстан алган жабдыктарды Түркиянын макулдугусуз башка өлкөгө бере албай тургандыгы жазылган.

Дагы караңыз

Казакстанда дагы 2,5 миң киши эвакуация болду, Токаев ири иш-чара уюштурууга тыюу салды Жоламан Шаршенбеков үчүнчү жолу Азия чемпиону болдуАзия чемпионаты: Раззак Бейшекеев күмүш медал алды16-апрель: Жоламан Шаршенбеков Азиянын чемпиону болду, Тажикстан түрк жарандарына виза киргизди