Улуттук банк 19,2 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарынан 19,2 млн доллар сатып алды. Бул тууралуу башкы банктын сайтында жарыяланды.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү ирет тескери интервенция жасап, доллар сатып алууда.

Алгачкы ирети 27-мартта валюта базарынан 9 млн доллар сатып алган. 8-апрелде 17,1 млн доллар алган. Жалпысынан тескери интервенциядан Улуттук банктын доллар капчыгы 36,3 млн долларга көбөйгөн.

Ага чейин февраль жана март айларында доллардын серпилүүсүнүн алдын алуу максатында Улуттук банк 31 млн 850 миң долларды валюта базарына саткан.

2023-жылы Улуттук банк сомдун курсун бир калыпта кармоо үчүн 655,72 млн долларды соодалаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Freedom House: Борбор Азияда демократия деңгээли төмөндөп жататТикТокту чектөө аракети кайра жанданды "Чет элдик өкүл" мыйзамы: "Соростун" билдирүүсү, бийликтин жообу Польша башпаанек сураган тажик активистин депортацияладыАтатүрк паркындагы курулуштардын ээлерине 30 күн убакыт берилди