Томолой жетимдерге 500 миң сом депозит берүү боюнча жарлык чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, “Айыл Банкта” өлкөдөгү томолой жетим балдардын ар бирине эсеп ачылып, 500 миң сомдон салынат. Балдар аны 18 жашка чыкканда ден соолугуна, жашоо-шартын жакшыртууга жана билим алууга жумшаса болот.

Ушул тапта ата-энеси жок 1 868 томолой жетим бар. 2022-жылы Социалдык фонд атасынан да, энесинен да айрылган балдардын пенсиясы 6 миң сом болгонун билдирген.

Жетим балдарга атайын банк эсеби ачылып, акча которуу жөнүндө буга чейин дагы сунуш айтылып келген. Өлкөдө 100дөй мектеп-интернат бар. Аларда канча бала тарбияланып жатканы жөнүндө маалымат жок. (BTo)

Дагы караңыз

Кремль Тоолуу Карабактагы аскерлерин чыгарып кетип жатканын ырастадыОрусияда журналист жана активист Залина Маршенкуловага издөө жарыяландыМатраимов менен Көлбаевдин бир нече мүлкү сатыкка коюлду