Депутат Айдарова министр Ниязбековдун отставкасын талап кылды

Айгүл Айдарова.

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова парламенттин 18-апрелдеги жыйынында ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылды.

Ал Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылып, Улан Ниязбековдун ишмердигин текшерүү сунушун берди. Айгүл Айдарова “министр ички иштер органдарынын кызматкерлерине көңүл бурбай жеке иши менен эле алектенип жүрөт” деп сынга алды.

“Министр өзүнүн кызматкерлери менен иштебей жатат. Кечки бизнеси менен убара же 5-6 машина алып келип кызматкерлерди алдоо менен убара. Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, ушул министрдин кызмат ордун карап коюңузчу. Бул кишинин кызматта турганга моралдык укугу жок. Элди, кызматкерлерди алдап атат”, - деди ал.

Депутат Айгүл Айдарованын дооматтары тууралуу Улан Ниязбеков жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) комментарий бере элек.

ИИМдин сайтындагы маалыматка ылайык, Улан Ниязбеков 1998-жылдан бери укук коргоо тармагында иштеп келатат. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин ички иштер министри болуп дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Равшан Жээнбеков абакта басым болуп жатканын билдирдиПарламентте “Кофе и точка” жайындагы кумар оюндары боюнча маселе көтөрүлдүБишкекте мыйзамсыз жүргөн Пакистан, Бангладештин жарандары аныкталдыАйрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калдыТашиев коррупцияга аралашкан депутаттарды “тазалоо” иштери жүрүп жатканын айтты17-апрель: Оманда сел 18 кишинин өмүрүн алды, Дубайда аэропорт жабылдыӨзбекстанда окуучуларды ийне менен жазалаган мугалим боюнча териштирүү жүрүп жатат