Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

19-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Ош облусунун тоолуу райондорунда карга жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот, кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Дагы караңыз

Кеңеш Жусупов: Тарыхый эстутумду ырааттуу чыңдаган залкар жазуучунун адабий кечеси"Чек арасыз кабарчылар" уюму ТикТокту бөгөттөөдөн баш тартууга чакырдыКара-Көлдүн тургуну алты жашар кызы сексуалдык ыдык көргөнүн айтып чыкты Депутат Айдарова министр Ниязбековдун отставкасын талап кылдыКыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу үчүн инвестициялык форум өткөрөт"Анализдин баасын көтөрүп алган". 423 млн сомдук айып, "Интелмеддин" жообу