Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча төрт киши 15 жылдан кесилди

Маркум Бекбол Аманкулов.

Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө айыпталгандарга сот өкүмү чыкты.

Ысык-Көл райондук соту 5-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен төрт адамды (Б.Б.Т., Э.А.К., Ж.Р.К., А.У.А.) 15 жылдан абакка кести. Алардын жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелет. Соттолгондордон жабырлануучуга (А.А.Э.) 1 млн 180 миң сом өндүрүлдү.

Бекбол Аманкулов Бостери айылында 2023-жылы 6-августка караган түнү көл жээгинде каза болгон. Маркумдун туугандары ал ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан. Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишти иликтөө үчүн тергөө тобун түзүп, 14-августта Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалган.

Бул ишти жаап-жашырган деген шек менен беш милиция кызматкери кармалып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген кине тагылган. Алардын иши эмне болгону тууралуу азырынча маалымат жок. (BTo)

Дагы караңыз

"Чек арасыз кабарчылар" уюму ТикТокту бөгөттөөдөн баш тартууга чакырдыКара-Көлдүн тургуну алты жашар кызы сексуалдык ыдык көргөнүн айтып чыкты Депутат Айдарова министр Ниязбековдун отставкасын талап кылдыКыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу үчүн инвестициялык форум өткөрөтРавшан Жээнбеков абакта басым болуп жатканын билдирдиБишкекте мыйзамсыз жүргөн Пакистан, Бангладештин жарандары аныкталдыПарламентте “Кофе и точка” жайындагы кумар оюндары боюнча маселе көтөрүлдү