Боом капчыгайында жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Боом капчыгайындагы таш көчүрүү учуру. (архивдик сүрөт)

22-апрелден 26-апрелге чейин Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу жолдун Боом капчыгайындагы тилкесинде автоунаа кыймылына чектөө киргизилет.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдагандай, таш көчүрүү иши күндүз, саат 9:00 - 15:00 аралыгында жүргүзүлөт. Жолдогу кыймылды чектөөгө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы көмөктөшөт.

Таш тазалоо иштери жүрүп жаткан учурда жолдун бир тарабы ачылат, 30-40 автоунаа чогулганда, кезек менен өткөрүлүп турат.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды көчүрүү иштери автоунаа жана темир жол коопсуздугун камсыздоо максатында жыл сайын бир нече жолу жүргүзүлүп турат.(ZKo)

Дагы караңыз

Украинанын Чернигов шаарында Орусиянын чабуулунан каза болгондор 18ге жеттиУлуттук "Манас" театры жаңы имаратка көчтүБаткен: Насыя алып, билимкана курган Уланбек Элмирбек Иманалиевге "Эмгек баатыры" наамы берилдиГрузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акция уланды