Өзбек президенти Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды

Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн 18-апрелде мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды. Тажик тышкы иштер министрлиги билдиргендей, аэропорттон өзбек лидерин президент Эмомали Рахмон өзү тосуп алды, сапар алкагында бир катар жолугушуулар өтөт жана кызматташтыкты бекемдөө тууралуу жаңы документтерге кол коюлат.

Мирзиёев Дүйшөмбү шаарында Өзбекстандын Тажикстандагы элчилигинин жаңы имаратынын, Маданият күндөрүнүн ачылыш салтанатына катышат. Буга чейин ал Тажикстанда жарым жыл мурда болгон.

Эки өлкө ортосундагы мамиле Мирзиёев бийликке отурган 2016-жылы жакшыра баштаган. Бийликтин иши тууралуу көз карашын ачык айткан, тынч жыйындарды уюштурган адамдарды, журналисттерди жана блогерлерди куугунтуктаганы, чектегени үчүн эки президент тең эл аралык уюмдардын сынына кабылып келишет. (RK)

Дагы караңыз

Израилдин союздаштары WCK кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген аба чабуулун айыпташты Иманкулов: Динге тартылгандан эмес, динге жамынгандардан коркуш керекГазага гумжардам жеткиргенде каза болгондордун сөөгү мекенине жөнөтүлдү Ооганстанда талиб өкмөтүнүн чечими менен эки телеканал жабылды