Бишкекте күрөш боюнча лицензиялык мелдеш башталды

Эрназар Акматалиев ирактык атаандашы менен күрөшүп жатат. 19-апрель. 2024-жыл.

19-апрелде Бишкек Арена спорт комплексинде быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдеши башталды.

19-апрелде эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу, 65 кг салмакта Эрназар Акматалиев жана 74 кг салмак ченинде Орозобек Токтомамбетов жарым финалга чыкты. Эгерде бул беттештерин утушса, Олимп оюндарына жолдомо алат. Жарым финалда ар бир салмактан атаандаштарын уткан эки балбан лицензия алат жана финалдык беттеш болбойт.

Азиянын лицензиялык мелдеши 21-апрелге чейин уланат.

Ушул тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Талас шаарындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлганын билдирдиБазарбеков окуучу кызды сүзүп кеткен мурдагы милиционердин ишине комментарий бердиАба ырайы: Айрым жерлерде жаан жаайтКурманкул Зулушев Көк бөрү федерациясына президент болдуЖогорку сот Бишкекте митингдерге тыюу салган чечимди күчүндө калтырдыУКМК Алайдагы автобекет мамлекетке кайтарылганын билдирдиБазарбеков кийинки Сот адилеттиги үйү Ош шаарында ачыларын айтты