Милиция Акжолтой Тукуновду кармады

Акжолтой Тукунов.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын бир тууган иниси Аманат Тукунов ырастады.

Анын сөзүнө ылайык, агасын Чүйдүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 17-апрелде кармаган.

Адвокаты Умар Молдобековдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, тергөөдө ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып тагылган. 19-апрелде Аламүдүн райондук сотунда бөгөт чарасы каралар алдында ал “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болгонун билдирди. Кылмыш иши Фейсбуктагы баракчасына 2021-жылы жазган билдирүүсү боюнча козголгону кабарланды.

Милиция Акжолтой Тукуновдун иши тууралуу комментарий бере элек.

Акжолтой Тукунов 2022-2023-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. (BTo)

Дагы караңыз

Украинада ракеталык чабуулдан адамдар каза болду, Зеленский союздаштарга кайрылдыБишкекте күрөш боюнча лицензиялык мелдеш башталдыУКМК Талас шаарындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлганын билдирдиБазарбеков окуучу кызды сүзүп кеткен мурдагы милиционердин ишине комментарий бердиАба ырайы: Айрым жерлерде жаан жаайтКурманкул Зулушев Көк бөрү федерациясына президент болду