Пакистанда жапон жарандарына кол салуу аракети болду

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Пакистанда бүгүн 19-апрелде Жапониянын жарандарына кол салуу болгонун жергиликтүү полиция билдирди. Полиция өкүлү Азфар Махесардын айтымында, окуя Синд провинциясынын административдик борбору Карачи шаарында болду. Жанкечти террорист кол салган беш жапониялык жарандын баары аман жана коопсуз абалда.

Жапониялыктар отурган автобус Ланди экономикалык зонасына жөнөп баратканда жанкечти өзүн өзү жардырууга аракет кылганы, ал жана жанындагы дагы бир куралчан кишини коопсуздук кызматкерлери жок кылышканы маалымдалды.

Атышуу учурунда үч күч кызматкери жараат алганы белгилүү болду.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч бир уюм өзүнө ала элек. (RK)

Дагы караңыз

Милиция Акжолтой Тукуновду кармадыБишкекте күрөш боюнча лицензиялык мелдеш башталдыКыргыз-тажик чек арасы: №42 протоколдун ишке ашуусу талкууландыУкраинада ракеталык чабуулдан адамдар каза болду, Зеленский союздаштарга кайрылды