Орусия: Кыргызстандык мигрант “терроризмди актаган” деп айыпталууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургуну Илхом Орусияда наабайканада иштечү. Былтыр 23-январда Пермь шаарында аны полиция кармап кеткен. Ага “террорчуларга жардам берген”, “терроризмди актаган” деген айып коюлган. Бирок Илхом, жакындары, айылдаштары муну “куру доомат” деп эсептейт. Аялы эки баласы менен Өзбекстанга кайтууга аргасыз болгон.