Эркин күрөштөн эки балбан Олимпиадага лицензия алды

Бекзат Алмаз уулу Мункх Эрдене Батхуяг менен күрөшүп жаткан учур. 19-апрель, 2024-жыл.

19-апрелде Бишкек Арена спорт комплексинде быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев лицензия алды.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу лицензия үчүн күрөштө монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды 3:3 эсеби менен утту. 65 кг салмакта Эрназар Акматалиев Түндүк Кореядан келген Кванг Жин Киманы 5:3 эсебинде жеңип, Олимпиадага жолдомо алды.

74 кг салмак ченинде Орозобек Токтомамбетов лицензия үчүн беттеште өзбекстандык атаандашына утулду.

Ушуну менен 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо болду. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан. (BTo)

Дагы караңыз

Столтенберг Украинанын абадан коргонуу системасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айттыКазакстан: Суу ташкындан кийин бийликти сындаган эки киши абактан чыктыБеларуста ири ишканага кибер чабуул жасаган топ саясий туткундарды бошотууну талап кылуудаКыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекеттин иши жанданатЖогорку сот Бишкекте митингдерге тыюу салган чечимди күчүндө калтырдыПольшада Навальныйдын шакирти Волковго кол салууга шектүүлөр кармалдыКыргызстанда "TEXPO-2024" бизнес-форуму өтөт