Акжолтой Тукунов эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулду

Акжолтой Тукунов

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов Аламүдүн райондук тергөө судьясынын чечими менен 16-июнга чейин эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдады.

Соттун токтомунда Акжолтой Тукуновдун айыпталуучу катары кармалганы - мыйзамсыз жана негизсиз деп табылганы жазылган.

Акжолтой Тукуновдун иниси Аманат Тукунов агасы 17-апрелде кармалганын кабарлаган.

Чүй облустук милициясы Тукуновго Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылып жатканын, ал Фейсбукта коомчулукту массалык башаламандыкка чакырып, чагымчыл маанайдагы материалдарды таркатып жатканы аныкталганын билдирген.

Тукуновдун адвокаты Умар Молдобеков ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголуп, кийин “Массалык башаламандыктар” беренесине алмаштырылганын билдирген.

Акжолтой Тукунов 2022-2023-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал Фейсбуктагы баракчасында коомдо талкуу жараткан ар кандай постторду жарыялап келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев тергөө абагынан чыктыИран Израилдин соккусун эмнеге ачык айткан жок?Орусиянын бомбалоочу Ту-22М3 учагы кыйрадыЭркин күрөштөн эки балбан Олимпиадага лицензия алды