Кыргызстанда селден коргонуу системасы кандай иштейт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үч аптадан бери коңшу Казакстанда жана Орусияда сел жүрүп, дамбалар жарылды. Анын кесепетинен жүздөгөн үйдү суу басып, миңдеген киши там-ташын таштап, жер которгонго аргасыз болду. Ушул учурда Кыргызстанда абал кандай? Табийгый кырсыктарды алдын алуу иштери кандай жүрүп жатат? "Азаттыктын" студиясында: өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жана Жерди иликтөө боюнча Борбор Азия институтунун директору Болот Молдобеков. Казакстандын Атырау шаарынан "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Айнүр Сапарова видео байланыш аркылуу катышты.