"Эки тараптан келген сел каптады". Ылай-Талаада бир нече үй жараксыз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа,Өзгөн,Кара-Суу райондорунда сел жүрүп,ондогон турак жайларга зыян келтирилди. Селде бир киши каза тапты. Азыр селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат.

Кара-Кулжа районунун өзүндө эле эки үй жараксыз болуп, 50дөн ашык турак жайдын короосун сууп каптаган. Аталган райондо кооптуу аймактарла 400дөн ашык үй бар. Селден улам Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.