Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров учакта. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

24-25-апрелде боло турган мамлекеттик сапардын алкагында мамлекет башчы Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда кызматташуунун актуалдуу маселелери, мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечеги талкууланат.

Мындан сырткары Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Анын жыйынтыгы боюнча президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Садыр Жапаровду бир нече министр, президенттин иш башкаруучусу, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы жана башкалар коштоп кетти.

Жапаров Баку шаарына былтыр 24-ноябрда да барып, Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен жолугушкан. Андан бир ай мурда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) саммитине катышуу үчүн Бишкек шаарына келип кеткен. (ErN)

Дагы караңыз

Милиция Бишкектин конуштарынын биринде аялын сабаган кишини кармадыЖалал-Абаддын Аксы районунда да үйлөрдү суу каптадыОрунбеков Коргонбай уулунун мандат тапшыруусу министр Бейшеналиевдин ишине тиешеси жоктугун билдирдиАКШ Сенаты Украинага 61 млрд долларлык жардам берүүнү колдодуАбактагы журналист Алсу Курмашеваны колдогон орусиялык активистке айыппул салынды