Кыргызстанда электромобилдерге жашыл номур берилет

Президент Садыр Жапаров “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизилген мыйзамга кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамда электр кыймылдаткычы бар автоунааларды колдонууда жеңилдиктер каралып, электромобилдерди кубаттоо инфраструктурасы түзүлөт. Документте электромобилдерди мамлекеттик каттоого алууда атайын жашыл номур берүү жагы жазылган.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамды марттын ортосунда кабыл алган.

Мыйзам долбоору каралып жатканда, депутаттар жашыл номурлуу унааларга жеңилдик катары жол эрежесин бузганда айыппулду 50% чейин, автоунааларды каттоо жана кайра каттоонун суммасын 50% кыскартууну сунушташкан.

Кыргызстанга электромобиль импорттоо боюнча тарифтик жеңилдиктер былтыр ноябрда 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган.

Кыргызстанга 2024-жылы 10 миң, 2025-жылы 10 миң электромобиль алып кирүүгө уруксат бар. (SE)

Дагы караңыз

Пикир үчүн айыпталган Каныкей Аранова абактан чыктыБир нече министрге, министрдин орун басарларына жана президенттин өкүлүнө сөгүш берилдиБишкекте дүкөнчү аялга кол көтөргөн чет элдик жаран кармалды