Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарына (мурда - Кара-Суу районуна) караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы М.Б. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жатканда кармалды.

Атайын кызмат кабарлагандай, М.Б. мыйзамсыз иштери тууралуу маселени өз пайдасына чечүү максатында коопсуздук кызматкерине 20 миң доллар пара сунуштаган. Анын жарымын, тагыраагы, 9 800 долларды берип жатканда кармалды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, февраль айында М.Б. тарабынан Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз берилгени жөнүндө маалыматтар алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында М.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, трансформацияланбаган 10 гектар жер тилкесин курулуш компанияларынын бирине бөлүп берүү жөнүндө токтомду жасалмалоо жолу менен бергени аныкталган.

М.Б. карата Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү") менен кылмыш иши козголгон. 23-апрелде Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.

УКМК мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз саткан жана менчиктештирген мурдагы жана азыркы мамлекеттик кызматкерлердин, аткаминерлердин ишине мыйзам чегинде баа берүү уланып жатканын билдирүүдө.

Былтыр жүргөн административдик-аймактык реформага ылайык, Шарк айыл өкмөтү Ош шаарына кошулган.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Өмүрзаков суу ташкында киши өлүмүнө алып келген учурлар үчүн ӨКМди сынга алдыПикир үчүн айыпталган Каныкей Аранова абактан чыктыБир нече министрге, министрдин орун басарларына жана президенттин өкүлүнө сөгүш берилдиБишкекте дүкөнчү аялга кол көтөргөн чет элдик жаран кармалдыАкылбек Жапаров элдин президентке ишеничи 86% жеткенин айтты