Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына агып кеткен бала изделүүдө

Сууга аккан баланы издөө. Нарын дарыясы. 25-апрель, 2024-жыл.

Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын Акшаар участогунда Нарын дарыясына агып кеткен алты жаштагы баланы издөө иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында жеткинчектин сууга агып кеткени тууралуу маалымат 23-апрелде саат 18:50 чамасында түшкөн.

Андан берки күндөрү издөө иштеринен жыйынтык чыккан эмес.

25-апрелде издөө ишине Өзгөчө еырдаалдар министрлигинин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан беш куткаруучу, 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынан үч суучул кошумча тартылды. Булардан тышкары ӨКМдин 12 куткаруучусу, тогуз милиция кызматкери, жоголгон баланын жакындарынан 45 жаран издөөгө катышууда. Баланы Нарын дарыясында кайык менен жана жөө издеп жатышат.

ӨКМдин маалыматында, былтыр 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы 12 жашка чейинки балдар. (ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Өмүрзаков суу ташкында киши өлүмүнө алып келген учурлар үчүн ӨКМди сынга алдыСалык кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттүПикир үчүн айыпталган Каныкей Аранова абактан чыктыБир нече министрге, министрдин орун басарларына жана президенттин өкүлүнө сөгүш берилдиБишкекте дүкөнчү аялга кол көтөргөн чет элдик жаран кармалды