Калдык сактоочу жайлар жөнүндөгү мыйзам долбоору четке кагылды

Кумтөр кенинен тартылган сүрөт. Иллюстрация үчун колдонулду.

"Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда четке кагылды. Министрлер кабинетинин төрагасы демилге кылган документти депутаттар 25-апрелдеги жыйында карашты.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов маалымат берип, долбоор мыйзамдарды Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин стандарттарына шайкеш келтирүүгө багытталганын айтты. Анын белгилешинче, эгер ал кабыл алынса, радиоактивдүү калдыктар менен иштөө чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн ченемдик-укуктук базаны жакшыртылат.

Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин аныктоо жана бөлүштүрүү бөлүгүн кайра карап чыгуу керектигин билдирип, аны четке кагууну сунушташты.

2022-жылдагы расмиймаалыматка караганда, Кыргызстанда жалпысынан 92 уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт. (SE)

Дагы караңыз

Германияда борбор азиялыктарга террорчулук боюнча айып тагылдыАтатүрк паркынан жер алган жарандардын бир тобу президентке кайрылдыШарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды