Загамбар: Чыр чыккан айылды полиция кайтарып турат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстандын Түркстан облусунун Төлө бий районунун Загамбар айылында мектеп окуучусунун зордукталганы кабарлангандан кийин чыр чыкты. Белгисиз бирөөлөр чарбалык жайды жана үч автоунааны өрттөп салышкан. Көп өтпөй айылга полиция келип, коопсуздук чараларын күчөткөнү белгилүү болду. Айыл тургундары бул окуяга тиешеси жок кишилер да суракка алынып жатканына нааразы.